БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу 15-июлда башталат

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу 15-июлда башталат

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 15-июлда башталат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымдашынча, босого балл жылдагыдай эле 110 деп бекитилди. Предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды.

Ал эми экинчи тур 22-24-июлда, үчүнчү тур 29-31-июлга чейин жүрөт. Төртүнчү айлампа 5-7-августка чейин болсо, бешинчи тур 12-14-августка чейин өтөт. 

Быйыл мектептерди аяктаган 60 миң окуучунун 50 миң 741и ЖРТга катышып, 66,9%ы босого баллдан өттү. Тестирлөөгө катышкан 56 окуучу "Алтын сертификат" алган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей