БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо утту

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо утту

Сүрөт Кыргыз күрөш федерациясынын баракчасынан алынды

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомону утуп алды. Ал өзбекстандык спортчу Набира Эсенбаеваны 7:2 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 20-апрелде Жуманазарова Бишкекте Олимпиадагы лицензия үчүн күрөшкөн. Анда индиялык жана казакстандык атаандаштарын да жеңген. 

19-апрелде эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу да жолдомо утуп алган. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына лицензия уткан. Сууда сүзүүчү Денис Петрашов да жолдомо бар. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей