БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жумгал: баласы менен мал кайтарууга кетип дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды
Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылында баласы менен мал кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Болот Карыпбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка караганда, маркумдун сөөгүн айылдаштары бүгүн, 14-ноябрда айылдын этек жагынан, суудан табышкан.
Карыпбековдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлгөн. Анын тогуз жаштагы баласы табыла элек.
ӨКМ издөө иштери кыскартылганын 13-ноябрда кабарлап, мындан ары жумасына эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын маалымдаган болчу.
45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Жакындарынын айтымында, алар мал кайтарганы кетишкен. Ата-баланы 18-октябрдан тарта издеп баштаган. Натыйжа болбогон соң эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан.
Автор: Улукбек кызы Асем > 422 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat