БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жумуш издеген мугалимдер үчүн портал ачылат

Жумуш издеген мугалимдер үчүн портал ачылат

Сүрөт: "Азаттык"

Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук портал түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 25-декабрда "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. 

Министр мектепти башкаруучу жаңы муундагы менеджерлерди заман талабына шайкеш келтирип даярдабаса кесепети оор болорун билдирип, мыкты мугалимдерди тандоо мезгили келип жеткендигин кошумчалады.

"Биз биринчи иретте mugalim.vacant улуттук порталын түзөбүз. Кыргызстандын аймагында кайсы жерде мугалимдин орду бошосо, электрондук порталга кирет, жумуш издегендер ошол жерден иш таап алат. Ошондой эле директорлор корпусунун дагы ушундай резервдик порталы түзүлөт", — деди Догдургүл Кендирбаева.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей