БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камактагы журналист Актилек Капаров кат жазып, колун кескилегенин айтты

Камактагы журналист Актилек Капаров кат жазып, колун кескилегенин айтты

Актилек Капаровдун каты

"Массалык башаламандыктар" беренеси менен шектелип кармалган  абактагы журналист Актилек Капаров кат жазып, беш айдан ашуун убакыттан бери абакта мыйзамсыз кармалып жатканын билдирген. Ал өзүнө карата тагылган айтыптар жана иштин жагдайлары тууралуу маалымат берип, бул убакыт арасында эч кандай тергөө амалдары болбогондугун белгилеген.  

Жазылган катта Капаров өзүнө тагылган кылмыш иши “Temirov Live”  жана “Айт, айт десе” каналдарына чыккан видеого байланыштуу козголгонун айткан. Ал аталган редакцияда 2023-жылдын август айынан бери иштебей турганын, аны коомчулук да, бийлик өкүлдөрү да билерин жазып, аталган редакцияда иштебеген башка журналисттердин кармалышын кесиптик иши менен байланыштырган.

"Мени түрмөгө отургузуу кимге пайда алып келет? Мени кеп болуп жаткан видеолорго байланыштуу куугунтукка алып жатышпаганына толук ишенем. Мени өзүмдүн журналисттик ишим үчүн, депутаттарды жана аткаминерлерди айып пул төлөөгө мажбурлаганым үчүн куугунтукка алып жатышат. Мени өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык схемаларын ачыктаганым үчүн куугунтукташууда",- деп жазган ал.
 

 

Актилек Капаров буга мисал катары бийлик өкүлдөрүнүн башында турган адамдардын, аткаминерлердин жакындары, бийлик өкүлдөрүнө жакын компаниялар тендерлерди утуп жатканы, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жана башка темалар жөнүндө соңку иликтөөлөрүн келтирген. Ал ошондой эле токтоосуз бошотууну талап кылып, өз колун кескилеп жаткандыгын кошумчалаган. 

“Мени токтоосуз түрдө №1 тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам! Temirov Live редакциясынын жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалышы боюнча фактыларды, ошондой эле кармалган акын Аскат Жетигендин кыйноого алынышын (аны электр тогу менен кыйнашкан) эске алуу менен менин өмүрүм жана коопсуздугум үчүн президент Садыр Жапаров күч кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана башкалар жеке жооп беришет”, – деп жазды Актилек Капаров.

Азырынча журналисттин катына байланыштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы комментарий бере элек.

Журналисттердин жапырт кармалышы
2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. 

Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган

Учурда Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта олтурат.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей