БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Журналист Махабат Тажибек кызы абакта сабалганын маалымдап, арыз жазды

Журналист Махабат Тажибек кызы абакта сабалганын маалымдап, арыз жазды

Махабат Тажибек кызын кармап кеткен учур

"Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы өзү кармалып турган Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазды. Анда журналист уруп-согууга кабылганын билдирген. Тажибек кызынын арызынын сүрөтүн жолдошу Болот Темиров социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Махабат Тажибек кызы сабалганын "абактын жетекчилигинин, өлкө башчыларынынын буйругу" деп эсептей турганын жазган.

"Мен сизодо аялдардын укугун, намысын, беделин кантип тебелеп, зомбулук көрсөтөт экенин өз көзүм менен көрдүм. Сизо кызматкерлери каталарын оңдогондун ордуна жоопкерчилик артып, кайрадан тескерисинче мыкаачы болуп жатышат. Мага да шылтоо менен мыкаачылык жасап, физикалык зомбулук жасап кетишти", - деп жазылат арызда.

Журналист учурда Бишкектеги№1 тергөө абагында кармалып турат. Бүгүн, 6-апрелде аны менен адвокаты жолугуп чыккан. Анын айтымында ийнинде, колунда жарааттары бар жана жаагы көгөргөн. Башы ооруп жатканын айткан.

Буга чейин мекеменин басма сөз катчысы Махабат Тажибек кызынын сабалганын четке каккан.

Эске салсак 16-январда милиция эрте менен "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин кармап кеткен. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды эки айга камоо чечимин чыгарган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. 

Учурда "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы менен дагы беш журналист Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Алар 13-майга чейин камалат. Жактоочулар бир канча ирет үй камагына чыгаруу боюнча арыз жазганы менен, сот бул сунушту четке кагып келет.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей