БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Эки журналист эркинен ажыратылды. Видео

Эки журналист эркинен ажыратылды. Видео

Сүрөт: Максат Боромбаев/tmedia.kg

"Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты жылга, кызматкери Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды. 

Мындан тышкары "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева коюлган айыптар боюнча күнөөлү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулду. 

Ал эми, калган жети журналистке карата козголгон иштерде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышты. Алар "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков, журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдер.

Журналисттердин жапырт кармалышы

Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ журналисттерге "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков да эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

26-сентябрдагы соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү болуп бүткөн. Анда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Журналисттер эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн, аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын, алар болгону  кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин айтышкан. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлуп жаткан айыптар тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары туура эмес экенин маалымдаган. 

 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала