БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда журналисттер үчүн "Мейкин" сыйлыгы уюштурулду

Кыргызстанда журналисттер үчүн "Мейкин" сыйлыгы уюштурулду

Сүрөт: Дайыр Орунбеков

Президент Садыр Жапаров медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 12-июнда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. 

Маалыатка караганда, сый акы медиа жана журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу жана журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында уюштурулууда.  

Жалпы байге фонду 10 миллион сомду түзүп, он номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы берүү каралат.

Сыйлыктар "Бир эл – бир түндүк", "Керемет Кыргызстан", "Салык – өнүгүүгө салым", "Таза мекен", "Билим – келечек", "Куттуу элет", "Мекен жана мен", "Мекендештер", "Кыргызстанда чыгарылган" (Made in KG) жана "Сергек жашоо" деген темалар боюнча ыйгарылат. Сынакка ушул жылдын 1-январынан 1-октябрына чейинки мезгилде жарыяланган материалдар кабыл  алынат. Талапкерлер 1-октябрга чейин электрондук түрдө жөнөтүшү керек. 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жобонун негизинде жакын арада комиссия түзүлөрүн, калыстар тобунун көпчүлүгү көз карандысыз медиа эксперттерден тандаларын билдирди. Ал ошондой эле 1 миллион сом сый акыны быйыл 7-ноябрда президенттин катышуусунда тапшыруу пландалып жаткандыгын кошумчалады. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей