БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жусупбек Коргонбай уулу мандатынан ажыратылды

Жусупбек Коргонбай уулу мандатынан ажыратылды

Жусупбек Коргонбай уулу

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунунун ыйгарым укуктары мөөнөтунөн мурда токтотулду. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-апрелдеги жыйынында кабыл алды.

Анда БШКнын бардык мүчөсү (12) тең депутаттын ишмердүүлүгүн токтотууга макул болгон. Натыйжада №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунда кайрадан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынды. Сунуш президентке жолдонот. 

Коргонбай уулу мандатын тапшыруу үчүн 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Азырынча анын себеби айтыла элек.

44 жаштагы Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп келген.

Автор: Осмонова Айдана > 651 статей