БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө жыл башынан бери 500дөн ашык адам кызамык жуктурду

Өлкөдө жыл башынан бери 500дөн ашык адам кызамык жуктурду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 20 күн ичинде кызамык оорусунун 536 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча кызамыкты эң көп Бишкек шаарында 117 адам жуктурган. Андан кийин Чүй облусунда – 132, Жалал-Абадда – 130, Ошто – 75, Баткенде –5, Ысык-Көлдө – 5 учур, Нарында - 3 учур. Ал эми жаш курагы боюнча бир жашка чейинки 182 баладан оору аныкталган.

Буга чейин министрлик кызамыкка каршы 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй, тогуз бала чарчап калганын билдирген. 

Эске салсак, былтыры өлкө боюнча жалпы ооруну 7046 адам жуктурган. Алардын 43% пайызын балдар түзгөн.

Кызамык - аба аркылуу жугуучу жугуштуу вирустук оору. Илдет эмдөө албаган же иммунитетти начар адамдарга өтө тез жугат. Бир адамдан аны менен байланыш түзгөн ондогон адам илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Кызамыктын белгилери:

  • 38-40°Сга чейин жогорку температура;
  • мурундун бүтүшү, суу куюлушу;
  • бат-бат кургак жөтөл;
  • тамактын кызаруусу;
  • үндүн кырылдашы;
  • көздөн жаш агуу;
  • моюн, желкенин шишип оорусу;
  • кулактын оорушу;
  • жарыкты карай албай калуу;
  • баш оору;
  • 1-2 күндөн кийин денеге кызылдар чыга баштайт.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей