БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жыл башынан бери өлкөдө 4484 адамдан кызамык аныкталды

Жыл башынан бери өлкөдө 4484 адамдан кызамык аныкталды

Т-Медиа

Саламаттыкты сактоо министрлиги республикалык иммунопрофилактика борборуна таянып, 2023-жылдын башынан бери кызамык жуктурган 4484 учур катталганын билдирди. Оору Бишкек шаарында күч алып, миңден ашык адамдан табылган. 

 

Кызамык быйыл Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунда эмделбеген балдар арасында көп кездешкен. Аймактар боюнча алганда: Бишкек шаары – 1219 учур, Жалал-Абад облусу – 1208 учур, Ош облусу – 720 учур, Чүй облусу – 658 учур, Ош шаары – 349 учур, Баткен облусу – 103 учур, Талас облусу – 96 учур, Ысык-Көл облусу облусу – 76 учур, Нарын облусунда – 55 учур.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ата-энелерге балдарын эмдөөдөн өткөрүүнү сунушташат. Эмдөө республика боюнча бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлөт.

Жыл башынан бери Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 472476 бала эмдөө алган. Бул 78%ды түзөт. Учурда Жалал-Абад облусунда кызамык күчөгөнүнө байланыштуу эмдөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 30-октябрда Жалал-Абад шаарында 60га жакын окуучудан кызамык аныкталып, эки мектеп карантинге жабылып, эки жумадан кийин ачылган. 

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей