БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жылда кайталанган зомби-фейктер

Жылда кайталанган зомби-фейктер

Коллаж Т-Медиа

Жалган маалыматтардын көптөгөн түрлөрү бар. Алардын айрымдары жыл сайын кайталанып чыга берет. Алар "зомби-фейк" деп аталып, улам бир окуяга байланыштуу кайрадан тарайт. Биз алардын айрымдары туурауу айтып беребиз.

Жол чырактын ээриши

Күн кайнаган кезде жол чырактардын ээрип кеткени тууралуу маалыматты сиз дагы окуп, балким, бөлүшкөндүрсүз. Мындай билдирүүлөр вотсап группаларда, айрым веб-сайттарда жайылып кетет. Бирок бул жылда кайталануучу зомби-фейк. Буга чейин фактчекерлер бир нече ирет бул маалыматты төгүндөгөн. Сиз дагы өз алдынча текшерип көрсөңүз болот. 

Ал үчүн алгач сүрөттү google издөө системаcына салабыз. Анда дал ушул сүрөт колдонулган ар түрдүү аталыштагы макалалар чыгат. Биринде бул окуя  Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда болгону айтылса, дагы биринде Ташкентте экени айтылат.

Сүрөттүн алгачкы булагын табуу үчүн  tineye сервисине жүктөйбүз.

Аталган сервисте берилген сайттарды карап чыгып, reddit.com форумунда жарыяланган маалыматка туш болобуз. Анда светофор жолдогу өрттөн улам ээрип кеткени айтылат.

Дагы бир далил катары бул видео да тиркелген. Чынында 2013-жылы Кувейттин көчөлөрүнүн биринде автоунаадан өрт чыккан. Мындан улам анын жанындагы жол чырак өрттөнүп, ээрип кеткен. 

Аптаптан улам жол чырактын ээрип кетиши мүмкүн эмес. Себеби, пластмасса калыңдыгына карап 105-135°С гана ээриши мүмкүн. Кээ бир пластиктер такыр ээрибейт, дароо эле күйүп баштайт. Ал эми дүйнөдөгү эң жогорку аба ырайынын  температурасы 56,7 °С болуп АКШнын Death Valley аймагында катталган.

Ысык-Көлгө коё берилген дельфиндер 

Ысык-Көлгө коё берилген дельфиндер тууралуу видео дагы социалдык тармактарда жыл сайын тарап жүрөт. Анда эс алуучулардан сырткары сууга кирип-чыгып жүргөн бир канча дельфиндер менен балыктарды көрүүгө болот. 

 

Маалымат "Мечеров А" аттуу ютуб-каналда, бир канча веб-сайттарда жана социалдык тармактарда жарыяланган. Анда бул тасма бир гана  Ысык-Көлдө эмес, Казакстанда, Украинада жана Орусияда тартылганы  белгиленет.

Чынында бул тасма Украинада тартылган.  "Одесса онлайн" сайты видео 2021-жылдын 24-июнунда Одесса шаарындагы Лузанов эс алуучу жайында тартылганын жазып, видеосун жүктөгөн. Далил катары аталган маалымат каражаты суу экосистемасындагы жашоону изилдеген илимпоздон – гидробиологдон түшүндүрмө алган. Ал дельфиндер жээкке балыктарга аңчылыкка келип турарын, бирок мындай көрүнүш өтө сейрек кездешерин айткан.

Мындан тышкары башка дагы жергиликтүү басылмалар ушул эле күнү аталган окуя болгонун чыгарып, видеонун булагы катары  "Одесса онлайн" веб-сайтын көрсөтүшкөн. 

Демек, вотсапта тараган видео Ысык-Көлдө тартылган деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин  Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү да маалымат тараткан. 

Жыйынтык: зомби-фейктер муну менен гана чектелбейт. Ошон сизге келген ар бир маалыматка дароо ишенбей, сынчыл ой жүгүртүңүз. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей