БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто жасалма доллар сатууга шектелген жаран кармалды. Видео

Ошто жасалма доллар сатууга шектелген жаран кармалды. Видео

Сүрөт ИИМ Фейсбук баракчасынан алынды

Ошто жасалма акча сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы 25-майда билдирди. 

Шектүү 23-май күнү 9,3 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган. Ал 32 жашта.

Андан 93 даана жүздүк купюралар алынган. Эксперттер акча жасалма экенин аныкташты. Тиешелүү корутунду тергөө кызматына жөнөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүүдө.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей