БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Зилалиев менен Сатыбеков 4-ноябрга чейин камакка алынды

Зилалиев менен Сатыбеков 4-ноябрга чейин камакка алынды

"Т-Медианын коллажы

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековду 4-ноябрга чейин камакка алды. Маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастап, Сатыбековго карата чечим 6-сентябрда чыкканын билдирди. Ал эми Зилалиевдин бөгөт чарасы 14-сентябрда каралган. 

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кармаганын жазышкан. Алар лицензия берүүдөгү жемкорлукка шектелип жатат. Бул боюнча атайын кызмат азырынча расмий комментарий бере элек. 

Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болгон. Бир жылдан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчилик кызматына өткөн. 

2020-жылы Зилалиевге Башкы прокуратура Жазык кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Биринчи май райондук соту жети жылга кескен.

Ал эми Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин мурдагы орун басары, геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин директору болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей