БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Зомбулук көрсөткөн адамга электрондук билерик тагуу сунушталды
24-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Анда мындай фактыларды азайтуу үчүн жаңы ыкма сунушталган.
Зордук-зомбулукту болтурбоо максатында Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам долбоору сунушталды. Мыйзамда күч көрсөткөн адамга электрондук билерик тагуу керектиги жазылган. Анын жардамы менен зомбулук көрсөткөн жарандын жайгашкан жерин жана зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиусун көрүп турууга болот.
Акылбек Жапаров аялдарды коргоо жана колдоо боюнча жаңы чараларды киргизүү жана актуалдаштыруу боюнча тапшырма берип, аялдарды финансылык жана экономикалык жактан колдоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгын кошумчалады.
«Теңдикти жана гендердик саясатты илгерилетүү бул жөн гана тенденция, оозеки сөздөр же эл аралык милдеттенмелерибизди аткаруу эмес. Бул дени сак, адилеттүү жана өнүккөн коомдун пайдубалы. Ошондуктан, биз коопсуз, тынч жана бакубат жашоону түзүү үчүн коомубуздун ар бир мүчөсүн коргоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу саясаты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн көңүл борборунда кала берет», - деп белгилеген Жапаров.
Жыйында президенттин тапшырмасы менен 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа иштелип жатканы да айтылды.
Учурда “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аталышындагы дүйнөлүк жараян жүрүп жатат.
Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat