БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үзүр Жузупбеков: командада диетолог, психолог жок

Үзүр Жузупбеков: командада диетолог, психолог жок

Сүрөт: Күрөш федерациясы

Кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков Олимпиадада коло байгени уткандан кийин беттеш тууралуу комментарий берди. Анын үн жазуусун Кыргызстандын Күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. 

Балбан чейрек финалда атаандашына тактикалык жактан утулуп калганын белгилеген. 

“Кудайга шүгүр. Себеби Олимпиадага баары жакшы даярданып келет. “Чемпион бололу, финалга чыгып Кыргызстандын желегин желбиретели”- деп. Бирок кечээ,6-августта ирандык балбанга утулуп калдык. Болору болду. Үчүнчү орунду насип кылыптыр. Ага да шүгүр. Кыргызстанга барганыбызда кийинки күрөштөргө кандай даярданарыбызды машыктыруучулар менен сүйлөшөбүз. Менин катам өзүмдүн атаандашыма тактикалык жактан утулуп калдым. Ушул катамы оңдоп, кийинки мелдештерде чемпион болобуз буюрса”.

Ошондой эле, бул беттешке чыгаар алдында өзүн жаман сезгенин айтып берген. 

Кечээ күрөштө өзүмдү начар сезип жаттым. Билбейм эмнеге? же туура эмес тамактанып алдымбы? Алсырап күрөшүп жаттым. Бүгүн да, АКШлык балбан менен алсырап күрөштүм. Түшкү тамактануудан кийин бир аз жакшы болуп калдым. Колдонгон ыкмам ишке ашпай калды. Кандай болгон күндө дагы калыс биздин колду көтөрдү”.

Үзүр Жузупбеков командада диетолог, психолог жоктугун да белгилеген. 

“Кээде даярданып жатканда чучук жеш коркунучтуу. Ал күчтүү болгондуктан сиңире албай калышың мүмкүн. Жеңил эле тамак жегени аракет кылып жаттык. Диетолог сөздүн ачыгы жок. Диетолог, психолог өзүбүз болуп калганбыз. Себеби аларга дагы өзүнчө каражат керек. Бирок башка мамлекеттердики бар”.

 

Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта беттешти. Ал коло байгеге ээ болуп, 16 балбандын ичинен үчүнчү орунду алды.

Учурда 28 сегиз жашта. Буга чейин Азия чемпиону болгон. Үч жолку коло байгесин уткан. Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей