БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

15,5 млн сом жумшалган. Пластиктери ажырап аткан стелланы ким курган?

15,5 млн сом жумшалган. Пластиктери ажырап аткан стелланы ким курган?

"Т-Медианын" коллажы

Бул видео социалдык тармактарда талкууга алынды. Анда  Жалал-Абад шаарында жаңы курулган стелланын пластиктери ажырап, шамал ары-бери учурганын көрүүгө болот. 

"Т-Медиа" редакциясы курулушту кайсы компания жасаганын жана канча акча сарптаганын тактап көрдү.

Жалал-Абад шаары деген стелла калаанын Аюб-Тоо тоосуна орнотулган. Курулуш иштери 2022-жылы ноябрда башталып, 2023-октябрда бүткөн.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, стелла жана флагшток курууга 2022-жылдын августунда тендер жарыяланып, ага 16 млн 745 миң 622 сом сунушталган. Тендерге эки компания катышып, жыйынтыгында "СТРОУН Групп" ЖЧКсы 15 млн 654 миң сом сунуштап жеңип чыккан. 

Компания тууралуу эмне белгилүү? 

"СТРОУН Групп" компаниясын Абакиров Жаркынбек негиздегенин Юстиция министрлиги маалымдайт.  Мекеме 2022-жылы апрелде кайра каттоодон өткөн.

"Ачык бюджеттин" маалыматтык базасы компания кайра катталгандан кийин активдүү иштегенинин көрсөтүп турат. 2022-23-жылдары мамлекеттик  бюджетке 1,5 млн сомдон ашык салык которгон. 

Ачык булактарда Жаркынбек Абакиров 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого Өзгөндөгү №12 шайлоо округунда добуш бергени тууралуу маалыматтарды таба алдык. 

Стелланын бөлүктөрү эмнеге урап жатат?

"Т-Медиа" редакциясы Аюб-Тоо тоосуна орнотулган стелланы аймактагы кесиптештери аркылуу жанынан көрүп, видео, сүрөткө тарттырып келди. Биз барган учурда жазуудагы пластикалык панелдер атайын шуруптар менен кагылып оңдолгон экен. Ал эми Жаркынбек Абакировдун өзү менен байланышканыбызда, окуя 15-мартка караган түнү болгонун билдирди. Ал тоодо катуу шамал болорун, мындан улам пластиктер ажырап кеткенин айтууда. 

"Эртеси чыгып эле бүтүрүп койдук. Курулуш сапаттуу эле жүргөн, ал жерде шамал тынбай болуп турат да.Ошондон саморездер бошоп кетиптир. Кайра чыгып катырып койдук. Материалы пластик да, эгер сынып кетсе бир жылга чейин өзүбүз камсыздап беребиз.  Адамдар түшүнбөй эле кафель деп атышат. Андай эмес, пластикке окшогон материал колдонулган. Тепкичтеринин да чекелери урап кетиптир. Аны бирөөлөр атайын балка менен сындырган окшойт. Ага да бир күнү чыгабыз".  

Курулуш жана коммуналдык чарбаны караган вице-мэр Жаныш Раимжанов стелладагы айрым кемчиликтерди курган компания оңдоп жатканын билдирди.

"Компаниянын (ред-"СТРОУН Групптун" карап бергенге бир жылдык кепилдиги бар. Шамал учуруп кетип, катырган шаймандары чыгып кеткен экен да. Окуя болгондун эртеси эле оңдоп  коюшкан. Эми ошо суук мезгилде курулуш иштер  жүрүп калып, айрым жеринде кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок азыр буйрутма алган компанияга айтып оңдотуп атабыз". 

Стелла менен флагштокко жумшалган 15,5 млн сомдун 90%ын Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Калганын мэрия кошкон. Шаар бийлиги ошол убакта бул стелла менен флагшток калаага туристтерди тартууга чоң өбөлгө болот деп ишендирген. 

Шамал биринчи ирет курулуш менен алышып аткан жок. Эске салсак, быйыл 17-февралга оогон түнү катуу шамалдан Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун дубалынын бир бөлүгү кулап түшкөн.

2023-жылы мартта да ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай кулаган эле

Автор: Т-Медиа > 235 статей