БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

2022-жылы 180 адам спирт ичимдигине ууланып көз жумган

2022-жылы 180 адам спирт ичимдигине ууланып көз жумган

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда адамдар басымдуу кан айлануу системасындагы оорулардан улам көз жумат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 30-апрелде жарыяланган маалымдамасында айтылат.

Баяндамада 2022-жылдагы статистика келтирилген. Мекеменин маалыматына караганда, бул жылы 31 миң 401 адам ар кандай оорулардан улам каза болгон. Алардын эң көбү кан айлануу системасы жана онкологиялык оорулардан жабыркагандар.

 

Ал эми оорулардан тышкары бөөдө кырсык же башка себептер менен 2515 жаран көз жумган. Алардын 341и өзүн-өзү өлтүргөн болсо, 180и алкоголго ууланган. 

 

Спирт ичимдигине ууланып каза болгондордун 158и эркек киши болгон. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей