БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда орточо айлык акы ушул жылдын январынан, март айына чейин 34 миң 46 сомду түздү. Бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга өскөн. Мындай маалыматты  Экономика жана коммерция министрлиги таратты. 

Ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен  5,3 %га жогорулаган. Эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердигинде  41,7 %га өскөн. 

Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча жыл башынан бери ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 341,7 млрд. сомду түздү. Бул былтыркы ушул мезгилге караганда 107,4% көп. Буга чейин мекеме ушул жылдын январына карата Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 664 сом болгонун маалымдаган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей