БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"24.kg" басылмасына козголгон кылмыш иши кыскарды

"24.kg" басылмасына козголгон кылмыш иши  кыскарды

24.kg

"24.kg" маалымат агенттигине каршы согушту пропагандалоо беренеси боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу аталган басылма сайтына жарыялады. Редакцияга кечээ кечинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынан кабарлаган.

Маалыматка караганда, УКМКнын ага тергөөчүсү Эрлан Акынбеков адвокат Нурбек Сыдыковдун редакцияга жеке уюлдук телефондорун жана редакциялык кеңсе жабдууларын, анын ичинде ноутбуктарды жана системалык блокторду кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырган. 15-январда тинтүү учурунда алынган бардык каржылык документтер кайтарылып, кеңсеге кирүүгө уруксат берилген.

Эске салсак, 15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып, кеңсесине мөөр басып кетишкен. Атайын кызматтагылар алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен. Андан соң башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетип суракка алышкан.  

Андан кийин атайын кызмат 24.kg агенттигине Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынган. Буга чейин Асел Оторбаева УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Март айында 24.kg басылмасынын директору Асел Оторбаева кызматтан кетип, ордуна Алмас Турдумаматов келген.

 

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей