БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сокулук милициясында отурган шектүү каза болуп, териштирүү башталды

Сокулук милициясында отурган шектүү каза болуп, териштирүү башталды

Сүрөт интернеттен алынды

Чүй облусунун Сокулук райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отурган 41 жаштагы шектүү асынып алганы кабарланды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя 2-апрелде болгон.

"Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Анын жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракетине баа берилип, күнөөлүүлөргө чара көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт", - деп билдирди ИИМ.

Окуя Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүнө алынган. 

Каза болгон жаран алдамчылыкка шектелип жаткан.

Автор: Боромбаев Максат > 108 статей