БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жеңишбек Абитов жаңы кызматка дайындалды

Жеңишбек Абитов жаңы кызматка дайындалды

Интернеттен алынды

Кочкор-Атада жаранды кармоодо күч колдонулган окуядан кийин кызматтан алынган Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов Бишкектин Свердлов райондук милициясын жетектейт.Маалыматты 2-апрелде "Т-Медиага" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. 

Абитов шектүү катары аныктала элек кишини кармоодо күч колдонулганы үчүн орун басары экөө 1-апрелде кызматтан алынган болчу. ИИМ тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жана бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү үчүн чыккан. 

Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери бир кишинин күч колдонуп кармап жаткан видео тараган. Шектүүнүн баласы атасына болушуп милиция кызматкерин тээп жиберген. Алар ата-баланы ургулап унаага салышкан. Бул окуя коомдо катуу сынга алынган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей