БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Татарстан: дрон соккусунан Кыргызстандын жараны жараат алды

Татарстан: дрон соккусунан Кыргызстандын жараны жараат алды

"Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагы

Татарстандын Елабуга шаарына болгон дрон соккусунан 17 жаштагы кыргызстандык жаран жараат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 2-апрелде кабарлады. 

Расмий маалыматка карганда, жалпы алты адам жабыркаган. Алардын бири кыргызстандык жаран. Анын абалы өтөоор эмес. Кыргызстандын Казандагы консулдугунун кызматкерлери анын абалынан кабар алып, толугураак маалымат берилери айтылды.

Мунун алдында орусиялык ТАСС агенттиги Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарларына учкучсуз аппараттардан сокку урулганын жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып жазган. Сокку өндүрүштүк ишкананын имаратына тийгенин, андан жети адам жабыркаганын “РИА Новостиге” таянып “Свобода” радиосу кабарлаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей