БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жаңы автобустар апрелдин аягында каттамга чыгат

Ош: жаңы автобустар апрелдин аягында каттамга чыгат

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Ош шаарына Өзбекстандан сатып келинген жаңы 100 автобус апрелдин аягынан тарта каттамга чыгат. Бул тууралуу "Т-Медиага" вице-мэр Сонунбек Жунусбаев билдирди. Анын айтымында, автобустарга электрондук төлөм жүргүүзүчү тиркемелер орнотула элек. Мындан улам каттамга чыкпай турат.

"Электрондук төлөм жүргүүзүлөрдү орнотууга инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буйруса автобустар апрелдин аягынан тарта каттамга чыгып калат", -деди ал.

Жаңы автобустар маршруттук кичи автобустар тейлеп келген №107, №143, №125 жана Фуркат каттамдарына коюлду. 

Автобустар Ош шаарына 21-мартта алып келинген. Мэрия коомдук транспорттор Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынганын кабарлаган. "ISUZU SAZ LE 60" үлгүсүндөгү автобустар Өзбекстандын "СамАвто" заводунан чыгарылган. Алардын ар бири 89 миң 500 долларга бааланган.

Автобустарды сатып алууга Ош шаардык кеңеши 2023-жылдын 28-декабрдагы сессиясында макулдук берген. Бирок айрым депутаттар коомдук транспорттор дизель майы менен жүргөндүктөн абаны булгайт деген пикирин айткан. 

Буга чейин дагы Ош мэриясы өзбекстандык "СамАвто" автозаводунан элүү автобус сатып алган. Алардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Бирок кийин көп өтпөй сапаты жакшы делген автобустардын сегизи бузулуп, оңдоп-түзөөгө муктаж  болгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей