БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" мыйзамына кол койду

Иллюстративдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койгонун билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы 2-апрелде өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Жапаровдун айтымында, өкмөттүк эмес уюмдар мындан ары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ачык айкын иштешет. Ал эми чет өлкөлүк донорлор бул мыйзамга каршы болгондугун төмөндөгүдөй түшүндүргөн. 

"Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып, бул мыйзамга кол коюудан баш тартуумду суранышкан. Эмне үчүн? Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген "эшек жайлоо" деген мындан ары болбойт".

Мындан сырткары ал бейөкмөт уюмдарга куугунтук болбошуна мамлект башчы катары кепилдик берерин белгилеген. 

"Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Бизде баардык маалыматтарды ачык булактардан эле тапса болот. Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык-айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз. Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын баарын ачык көрүп турушат. Алданышпайт. Болбосо буга чейин "Баланча тегерек стол уюштурдум, түкүнчө тренинг уюштурдум, баланча долбоорго баланча акча жумшадым" деп жеке кызыкчылыгыңарга жумшаган акчаңарды дагы ишке кошуп донорлорду алдап отчёт берип келгенсиңер. Калп десеңер четиңерден таап берем. Мындан ары андай алешемдиктерге жол бербейбиз", -деди президент.

14-мартта Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган. 

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нечеси баш тарткан.

Документ чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу" деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

"Адилет" укуктук клиникасы "чет өлкөлүк өкүл" мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Юристтер бул документ өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей