БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тургунду кармоодо күч колдонулганы үчүн Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, орун басары кызматтан кетти

Тургунду кармоодо күч колдонулганы үчүн Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, орун басары кызматтан кетти

ИИМ тараткан сүрөт

Кочкор-Атада шектүү катары аныктала элек кишини кармоодо күч колдонулганы үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев иштен алынды. Бул тууралуу 1-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан сырткары 13 жетекчи кызматкерге тартип жазасы берилген. ИИМ тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жана бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү үчүн чыккан. 

"Ошондой эле шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери  коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп, Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факт боюнча видеотасмалар интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин абройуна шек келтиргени үчүн кызматтан кетти", - айтылат мааламатта. 

Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери бир кишинин күч колдонуп кармап жаткан видео тараган. Шектүүнүн баласы атасына болушуп милиция кызматкерин тээп жиберген. Алар ата-баланы ургулап унаага салышкан. Бул окуя коомдо катуу сынга алынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей