БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

44 млн сомго курулуп, жарака кеткен мектепти ким салган?

44 млн сомго курулуп, жарака кеткен мектепти ким салган?

"Т-Медианын" коллажы

Кара-Сууда үч жыл мурда пайдаланууга берилген жаңы мектептен жарака кетти. Имарат 44 млн сомго курулган. "Т Медиа" редакциясы курулуштун артында мурдагы вице-мэр турарын аныктады. 

 

Балдардын коопсуздугу коркунучта 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы №85 Сооронбай Жусуев атындагы мектептин жаңы имараты 2020-жылы колдонууга берилген. Бирок анын дубалдарынан жарака кетип, айрым жерлери кулап түшө баштады. Мектеп директору Жазгүл Орунбаева курулуштун сапатынан күмөн санап, жер титиресе окуучулар кырсыкка кабылбагай эле деп бушайман.

"Бир эмес эки жолу, биз январда эс алуудан келгенибизден кийин терезенин үстү көчүп түштү. Жарака кетиптир. Айыл башчыны чакырдык, ушул жерди сүрөткө тартып айыл-өкмөткө жөнөттүк".

Жарака айнектин үстү-асты, кааналардын шыптары, дубалдардын бурчтары, дээрлик имараттын бардык жеринде кезигет. Окуу бөлүмүнүн башчысы Наргиза Байымбетова убакыт өткөн сайын жарака көбөйүп, чоңоюп жатканын билдирди:

"Экинчи кабаттагы эки кабинетте жарака кеткен. Анан ушунун астындагы кабинеттерде да жаракалар пайда болгон. Үстүнкү кабаттагы жарака чоңураак, астындагылар кичирээк. Биз кооптуу деп ойлойбуз. Анткени 5-6 баллдык жер титирөө болсо балдарды биз алып чыга албай калабыз деп ойлойбуз".

Курулушка буйрутманы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы берип, бүткөндөн кийин кабыл алган. Алар жаралган кырдаал боюнча коммисия түзүлүп, жарака шыбактан кеткен деген бүтүм чыкканын билдиришти. Курулушту жүргүзгөн "Ош-Модерн" компаниясы оңдоо милдетин моюнга алганын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шайырбек Жылдызбек уулу айтты.  

"Азыр калыбына келтириле элек. Аба-ырайына байланыштуу карманып турушат. Жоокерчиликти алып, ал жумуштарды аткарып берет. Жоопту айыл-өкмөткө жибергенбиз. Эгер ага канааттанбай кайра келе турган болсо, анда биз башка адистерди дайындап, жеринде дагы барып текшерүүгө туура келет".

 

Мектепти Жасур Азимовдун атасына таандык компания курган

Сооронбай Жусуев атындагы мектептин имаратын "Ош-Модерн" курулуш компаниясы 44 млн сомго курган. Алгачкы тендер 2014-жылы кагаз түрүндө өткөрүлүп, (ред-ал учурда электрондук портал ишке кире элек эле) "Ош-Модерн" жоопкерчилиги чектелген коому утуп чыккан. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы маалыматтар архивге кеткенин жүйө келтирип, тендерге кайсы компаниялар катышканы, кандай сумма сунушталганы жана "Ош-Модерн" эмненин негизинде тандалганы тууралуу маалымат берген жок. 

Аталган компания мектептин курулушун 2014-жылдын декабрь айында баштап, 2020-жылдын сентябрь айында бүтүргөн. Бирок андан бир ай мурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы ушул эле объекттин кошумча иштерине деп дагы 1 млн  797 миң 548 сомго тендер жарыяланган.  Ага "Ош-Модерн" ЖЧКсы жалгыз катышуучу болуп, жеңүүчү деп табылган. Ишкана менен түз келишим түзүлгөн. 

 

"Кемчиликсиз курулуш" деп айтылган 

Бирок тендерде конкреттүү кандай иштер аткарыла тургандыгы көрсөтүлгөн эмес. Мектепти куруп жатканда пайда болгон, долбоордо эске алынбай калган кошумча иштерге деп гана жүйө жазылган. Ошентип, жаңы мектептин имараты 2020-жылдын 16-сентябрында эксплуатацияга берилген. Анда курулушта эч кандай кемчилик жок деп белгиленген. 

 

Депутаттын компаниясы бюджеттен 243,6 млн сом алган

"Ош-Модерн" компаниясын Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов 2001-жылы негиздеп, мамлекеттик сатып алууларга катыша баштаган.  Азимовдун саясий карьерасы башталып, 2016-жылы "Республика-Ата-Журт" фракциясынан Ош шаарына депутат болуп шайланып келгенден кийин, ал негиздеген компаниянын да иши илгерилей баштаган. "Т-Медиа" редакциясы 2021-жылы жасаган иликтөөсүндө Жасур Азимовдун компаниясы он жыл ичинде мамлекеттик бюджеттен жалпы жонунан 244 миллион сом алганын аныктаган.

Ачык бюджет порталындагы маалыматка таянсак, "Ош-Модерн" 2020-жылдан 2022-жылга чейин мамлекетке 500 миң сомдон ашык салык төккөн. Ал эми 2023-жылдан бери киреше нөл (0) деп көрсөтүлүп, салык төлөнгөн эмес. Дал ушул жылдын апрелинде Жасур Азимов өзү жазган арыздын негизинде жумуштан бошотулган.

 

Эске алынбаган мыйзам

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын 6-беренесинде сатып алуучу мекеменин кызматкери аткаруучу же жеткирүүчү катары катыша албай турганы же алар менен биригишкен кызыкдар адам болбошу керектиги так көрсөтүлгөн

"Ош-Модерн" фирмасы Жасур Азимов тескерисинче, бийликте турганда ондогон жергиликтүү мамлекеттик сатып алуулардын жеңүүчүсү болгон.

 

Кайра каттоо

"Ош-Модерн" ЖЧКсы учурда Тургунов Абдурашид Махаммаджанович аттуу жаранга катталган.  Компания анын наамында болгонуна карабай, иш жүзүндө Жасур Азимовдун атасы Махмуд Азимовго таандык болгонун "Т-Медиага" ырастады. Ал эми курулуштагы мүчүлүштүктөр тууралуу эч нерсе билбей турганын айтты.

"Жарака кеткени боюнча мен жооп бере албайм. Азимовдун баласы Жасур Азимовго чалыңыздар, ошол киши жооп берет. Ал киши (ред-Махмуд Азимов) көз жумган", -деди Тургунов. 

2020-жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура вице-мэр Жасур Азимов Ош шаарынын Кең-Сай массивиндеги 25 гектар жерди 2.5  миллион сомго баалап, жеке менчик ишканага мыйзамсыз өткөрүп бергенин маалымдаган. Буга байланыштуу ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

2019-жылдын август айында вице-мэр Жасур Азимовго мас абалда унаа айдаганы үчүн 17 миң 500 сомго айыпка жыгылган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.  

Жыйынтык: жарака кеткен жаңы мектеп 44 млн сомго курулган. Кооптуу объектти Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовдун атасына таандык компания курган.  

Автор: Т-Медиа > 251 статей