БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Беш жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран эки айга камалды

Беш жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран эки айга камалды

Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында беш жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран эки айга камалды. Чечимди Ош облустук соту 17-апрелде чыгарганын мекеменин маалымат кызматы "Т-Медиага" билдирди.

Шектүү 15-июнга чейин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Окуя Отуз-Адыр айылында 15-апрель күнү эртең менен болгон. Милиция бул факты боюнча "Адам уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси менен иш козгоп, кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

16-апрелде Отуз-Адырдын жүздөй тургуну айылдагы маданият үйүнө топтолушуп, "аймактык милиция окуядан кабардар болсо да, кеч аракет кылган" деп нааразы болушкан. Ошондой эле алар кылмышты дыкат иликтөөнү жана шектүүнү жазалоону талап кылышты. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей