БАШКЫ БЕТ > Фактчек
«Акчаны кайтарып беребиз» деген шылуундар
Жакында эле казакстандык илимпоз Жаксылык Сабитовдун шылуундарга алдаткан 24 миң долларын кайтарып алган бул видеосу тараган.
"Мени "инвестиция жасайбыз" деген ыкма менен телефон чалып алдашты. Ага ишенип каражат салдым. Бирок аягында 24 миң долларымды жоготтум. Акчамды кайтарып ала албасам керек деп ойлодум. Кийин кыргызстандык бир досум ушул иштер менен алектенген юристтер бар экенин, анын бир таанышы ошол жакта иштерин, ушундай маселелерге жардам берерин айтты. Ооба, кайтарышты. Бирок алдын ала компанияга акча төлөгөн жокмун. Анткени менин маселем оор болчу. Акчамы кайтаргандан кийин акысын алмай болушту. Балким, көрүүчүлөргө да пайдасы тийип калар. Мага жардам берген Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы компаниясы. Мен муну өзүм да сиздерге сунуштайм".
Мындан тышкары видеодо блогер, ютубер Эрик Абдыкалыков бул компанияны жарнамалап жатат.
"Бул жарнама эмес. Эгер, сиз да чындап эле алдамчылыкка кабылган болсоңуз Кыргыз Республикасынын адвокатурасы компаниясына кайрылыңыз. Алар сизге жардам берет. Шилтемени видеонун комментарийинен таба аласыз", -деп айткан.
Бул видео "Фейсбукта" Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы деген баракчада жарнамага кеткен. Бир көргөндө видео ишендирерлик. Каармандардын үнү, жүзү өздөрүнүкүнө абдан окшош. Бирок бул – дипфейк. Жаксылык Сабитов "Инстаграмдагы" жеке баракчасында аталган видео алдамчылар тарабынан жасалган дипфейк экенин билдирип, айтылгандарды төгүндөгөн.
Видео кайда тартылган?
Видеонун түп нускасы быйыл июлда SO SOOOP ютуб-каналына жарыяланган. Анда каармандар таптакыр эле башка нерсе тууралуу сүйлөшкөн. Тагыраагы, Жаксылык Сабитов кыргыздардын келип чыгышы, ДНК, санжыра, советтик мифтер жөнүндө кыргызстандык блогерлер Эрик Абдыкалыков жана Мээрим Төлөпберген менен маектешкен. Ал эми Эрик Абдыкалыков болсо адвокатураны эмес,"Т Банкты" жарнамалаган.
Видеону жайылткан баракчага анализ кыла турган болсок, ушул жылдын 15-августунда ачылган. Элди ишендириш үчүн Кыргызстандын чыныгы адвокатурасынын эмблемаларын колдонушкан.
Ал жерде компаниянын сайтынын шилтемеси да жайгаштырылган. Анда онлайн түрдө арыз толтуруу сунушталат. Система сиздин жеке маалыматыңызды сурайт. "Т-Медиа" маалымат коопсуздугу үчүн жарандарды аны толтурууну сунуштабайт.
Негизи Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын баракчасы ушундай. Үч миңге жакын катталуучусу бар. Иш-чараларын байма-бай чыгарып турат. Буга чейин компания шылуундар алардын атын жамынып, логотиптерин колдонуп фейк маалымат таратышканын эскертишкен. Жарандарды аларга ишенбөөгө чакырган.
Дипфейк деген эмне жана алар эмнеси менен коркунучтуу?
Эми дипфейкке келсек. Негизи дипфейк деген эмне? Дипфейк – бул жасалма интеллектин жардамы менен даярдалган аудио же видеоролик. Ушундай жол менен саясатчыларга, белгилүү адамдарга каалаган сөздөрдү сүйлөтүп, алар кылбаган нерсени кылгандай кылып көрсөтүп койсо болот.
Тилекке каршы, жасалма интеллект пайда гана алып келбестен, коркунуч да жаратууда. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө белгилүү инсандардын сүрөт, үндөрүн жасап, өз максаттарын көздөгөндөр көбөйдү. Буга чейин президент, премьер-министр, кыргызстандык белгилүү блогерлер, шоу-бизнес өкүлдөрү дагы дипфейктин курмандыгы болгон.
Жыйынтык: дипфейк. Интернетте мындай видео, аудио, сүрөттөрдү көргөндө эң алгач аны ким таратып жатат? деген суроо коюңуз. Ишенимдүү булагын издегениңиз оң. Эң башкысы бир эле видео же сүрөттү көрүп чечим чыгарбай, башка сайттардан, башка булактардан маалыматты текшерүү кажет.
Автор: Т-Медиа > 385 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat