БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акын Аскат Жетигенге дагы бир кылмыш иши козголду

Акын Аскат Жетигенге дагы бир кылмыш иши козголду

Аскат Жетиген, 18.03.2024. Сүрөт: T-Media

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенге Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 20-мартта "Т-Медиага" акындын адвокаты Венера Буудайбекова билдирди. 

Адвокаттын айтымына караганда, ырчынын 15-марттагы видеосу боюнча экспертизанын жайынтыгы чыгып, ошонун негизинде айып коюлган. 

"Азыр кармалган жок. Бирок учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралганы турат".

Аскат Жетиген 15-мартта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындап, сөгүнгөн видеосун жүктөгөн. Анын эртеси эле Улуттук коопсуздук кызматы акынды 48 саатка кармаганы белгилүү болгон. Жактоочуларынын айтымында, атайын кызмат ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам "бийликти басып алууга чакырык жасалган" деп шектеп, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон.

18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ырчынын баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Ал эми Аскат Жетиген өзүнө карата коюлуп жаткан айыптарды кылмыш деп эсептебей тургандыгын  айткан. 

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал көпчүлүккө "Зарыкканда" деп аталган ыры менен белгилүү. Акын буга чейин казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларга карата сын айтып келген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей