БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тендерчек: Ош, Баткен, Жалал-Абад Нооруз майрамына канча сарптады?

Тендерчек: Ош, Баткен, Жалал-Абад Нооруз майрамына канча сарптады?

"Т-Медианын" коллажы

Эртең 21-мартта өлкөнүн бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленет. "Т-Медиа" Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында өткөрүлчү иш-чараларга жергиликтүү бийлиги канча каражат сарптаганын текшерди. 

Эң көп каражатты Ош мэриясы коротууда   

Мамлекеттик сатып алуулар порталына 7-мартта Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 1 млн 600 миң сомго тендер жарыялаган. Бул каражатка сахна жасалганып, чыгармачыл топтордун акысы төлөнөт. Мындан тышкары "Шырдак" фестивалынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык уюштурулат. 

Тендерге 12 компания катышып, "Sound KG" (Саунд КейДжи) ЖЧКсы жеңип чыккан. Аталган компания өз кызматын 1 млн 443 миң сомго баалаган.

OsOO.kg сайтынын маалыматына ылайык, компания 2009-жылдан бери адистештирилбеген дүң соода менен алектенет. Ал эми негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Гадеев Эмиль Аюбович көрсөтүлгөн. Гадеев жөнүндө ачык булактарда маалымат жокко эсе.

Бирок Эмиль Гадеевдин соцтармактагы баракчасында "Sound KG" музыкалык аспаптарды сатуу жана ижарга берүү менен алектенери жазылган. Фирма жыл башынан бери 1 миллион 785 миң сом салык төккөн

Ош мэриясынын алдындагы маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов быйыл Нооруз майрамы өзгөчө сценарий менен өтөрүн айтты. Жылдагыдай эле Бишкектен да эстрада ырчылары чакырылган. 

"Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп сахналык көрүнүш бир учурда болот. Нооруз майрамын ата-бабаларыбыз кантип тосконун, салттарды театралдык көрүнүш менен беребиз. Ар улуттун адамдары чыгып кутуктоолорду айтышат. Сахналар Бишкектен келе жатат.  Ошондой эле Ош шаарында алгачкы жолу мамлекеттик деңгээлде "Шырдак" фестивалы болот. Шаар тургундары, туристтер, меймандар өлкөнүн ар кайсы жеринен келген шырдактарды сатып алууга, жасагандардын мастер-класстарын көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. ".  

Жалал-Абад 400 миң сомдук чыгым кылат

Ал эми Жалал-Абадда болсо Нооруз майрамын өткөрүүгө 400 миң сом каралып, "ЖЛД строй" компаниясы 349 миң 500 сомго уюштуруп бермек болгон. Маданият башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Жапаралиев  бул каражаттын басымдуу бөлүгү сахна жасалгалоого коротулуп жатканын билдирди. 

"Каржаттын эсебинен 500 студентти бийге үйрөтүп жатат, сценарий жаздырдык, режиссердун ассистенттерине, сахна жасалгасына, каармандардын үндөрү жазылып жатат. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл 17 метр сахна орноттук. Аймактардан үч эстрада жылдызын чакырганбыз".

 "ЖЛД строй" ЖЧКсынын ээси Кадыров Кайратбек Абибиллаевич. Юстиция министрлиги фирма 2020-жылы 4-мартта каттоодон өткөнүн маалымдайт. Кадыров мындан тышкары "Мегалайт-С", "Ипсум", "Тулпар-Групп", "Валька", "СТИЛЬ ХАУС" компанияларына да ээлик кылат. 


150 миң сомдук Нооруз

Майрамды белгилөөгө Баткен шаарынын жетекчилиги 150 миң бөлгөн. Жети компаниянын арасынан Юлдашова Бааргүл Мажитовна жеңүүчү болгон. Ишкер кызматын 136 миң 500 сомго баалаган. Ачык булактардан Юлдашева тууралуу маалымат табылган жок.

Ал эми жергиликтүү бийлик болсо бөлүнгөн каражатка эмнелер жасалып жатканын комментарийлеген жок. 

Жыйынтык: Нооруз майрамына Ош 1 млн 443 миң сом, Жалал-Абад 349 миң сом, Баткен мэриясы 136 миң сом сарптады. 

Автор: Т-Медиа > 251 статей