БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Алты адамга «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы берилди
Алты адамга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Сыйлоо аземи 12-октябрда өткөрүлгөн. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ардактуу атуул наамын алгандар:
Расулберди Раимбердиев - Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин окутуучусу, профессор, милициянын генерал-майору, "Даңк" медалынын ээси.
Нурлан Сулайманов - Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КР мамлекеттик кызматынын 2-кластагы мамлекеттик кеңешчиси, эмгек сиңирген куруучусу.
Каары Алимбеков - эмгек ардагери, Эмгек сиңирген мугалими.
Алмазбек Исраилов - Кара-Суу-Дан-Азык ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы.
Анарбек Аттокуров - эмгек ардагери, Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер.
Чолпонбай Осмонов - “Чин-Алин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Эмгек сиңирген куруучусу.
Апрель айында тогуз адамга ушундай эле наам ыйгарылган болчу.
Автор: Осмонова Айдана > 698 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat