БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Апрель элдик революциясына 14 жыл болду

Апрель элдик революциясына 14 жыл болду

2010-жыл. Апрель ыңкыбалы

Бүгүн, 7-апрелде 90дон ашык адамдын өмүрүн алып, 100дөн ашыгы жаракаттанган апрель ыңкылабына 14 жыл болду. Бул күнгө карата президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады.

"Апрель элдик революциясы күнү – үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн! Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалган күн! Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин, кыргыз элинин канында адилеттик, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан да кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экенин далилдеген кандуу окуя катары дүйнө жүзүнө тарап, тарыхыбызга ташка тамга баскандай жазылып калды. Мамлекеттин жаркын келечеги деп кан-жанын аябай, эл мүдөөсүн орундатуу үчүн чечкиндүү кадамга барып, курман болгон баатырларыбыздын элесине таазим кылабыз", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Президент өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин тилегин актоого тийиш экенин билгилеген. Апрель окуясында шейит кеткен баатырларыбыздын жана карапайым элдин мүдөөсүн актай турган жаңы кадамдар башталганын айткан. Бул үчүн реформалар жасалып жатканын да кошумчалаган.  

"Коом турмушу өтө саясатташып турган бүгүнкүдөй учурда ачык-айкындуулук, акыл-эстүүлүк, сабырдуулук зор мааниге ээ. Эгерде эл ичинде биримдик, өлкөдө туруктуулук болбосо, калк турмушу оңолбойт. Эң башкысы элибизде ынтымак, ишеним жана бири-бирибизге колдоо болсо, алдыбызга койгон бийик максаттарга жетээрибизге терең ишенем".

2010-жылы 6-апрелде алгач Нарын шаарында, кийин Таласта, анан Бишкекте элдик толкундоолор уланган. 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна эл каршы күрөшкөн. Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши каза болгон. Ошол кездеги президент Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей