БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО полиси талап кылынбай турган болду

Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО полиси талап кылынбай турган болду

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда автоунааны кайра каттоодо камсыздандыруу полиси суралбай турган болду. Бул тууралуу Министлер кабинетинин токтому жарыяланды.

Ага ылайык, эгер  автоунаанын ээсинин камсыздандыруу полиси бар болсо, анын ээси алмашканда документти жаңы ээсине каттатып алууга да уруксат берилет. 

1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттаган учурда ОСАГО (камсыздандыруу) полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган эле. Унаасын сатып жаткан айдоочулар, аны жаңы ээсине каттатуу үчүн камсыздандырып убара тартып жатканын айтып жатышкан.   

Камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сомду түзөт. Бул баа унаанын түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрөт. 

Кыргызстанда 2019-жылдан бери автоунаа ээлерин камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам иштейт. 2025-жылдын 1-январынан тарта бул талапты аткарбагандарга айып пул салына баштайт. Анда жеке жактар 3 миң, юридикалык жактар 13 миң сом айып төлөйт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей