БАШКЫ БЕТ > инфографика
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 39 партия 5119 талапкерди көрсөттү. Тизме
Борбордук шайлоо комиссиясы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 39 саясий партиядан талапкерлер катталганын билдирди.
Жалпы калааларда 993 мандат бар. Ал орундарга 5119 талапкер көрсөтүлгөн. Анын 1838и аялдар.
Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышат.
Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия талапкерлерин көрсөттү.
Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партиядан катышуучулар бар. Башка шаарларда 4төн 8ге чейин партия ат салышат.
Ушул жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү жатат. Себеби, быйыл өлкөдө административдик-аймактык чек аралар өзгөрүп, кээ бир аймактар биригип, айрымдары бөлүнгөн. Мындан улам жергиликтүү кеңештер да таркатылды.
Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat