БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Күрөш: Жоломан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Күрөш: Жоломан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Сүрөт: Интернеттен алынды

Балбан Жоламан Шаршенбеков 3-жолу Азия чемпиону болду. Ал Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемптонатынын финалдык беттешинде жапониялык балбан Каито Инабаны 11:0 эсебинде утту.

Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыккан. 1/8 финалда индонезиялык спортчу менен кез келип 11:0 эсебинде утту. Чейрек финалда өзбекстандык балбанды 8:0, ал эми жарым финалда Ирандан келген атаандашын 11:0 менен жеңди. Шаршенбеков жалпысынан 41 упай топтоду. 

Жоламан Шаршенбеков 2022 жана 2023-жылдары Азия чемпиону болгон.  

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионаты бүгүн, 16-апрелде жыйынтыкталат.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 макала