БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бала асырап алуу үчүн кандай талаптарга жооп беришиңиз керек? Түшүндүрмө

Бала асырап алуу үчүн кандай талаптарга жооп беришиңиз керек? Түшүндүрмө

"Т-Медианын" коллажы

Былтыр ноябрда Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду. Мындан кийин "Наристесин таштап кеткендерге кандай жаза бар? Бала кароосуз калса аны асырап алгысы келгендерге кандай талаптар бар?" деген суроолор жаралган. 

Мыйзамда кандай талаптар бар?

Мыйзамга ылайык, жаш же жаңы төрөлгөн баласын анын ден соолугуна коркунуч келе турган абалда таштап кеткендерге 20 миңден 50 миң сомго чейин айып каралган. Же мындай жаран бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылышы, эки жылга чейин кызматка бара албашы мүмкүн. 

https://lh7-us.googleusercontent.com/5nl7KhfE2hQPpg7YRhzqzuN2EFVbSmwRI8_X09uA6NTD3DBp6J2ZRdHVARhbaOfrh4bRrqCGzHTPCdZUzTfnMGh3Y1PSX6OTA_QbBGxGEPOh31UhI3jXLoV3_y5VwvHNzVuM9PXDorY5lSph-qrdPDU

Ал эми төрөт учурунда же төрөттөн кийин баласын дароо өлтүргөн жаран беш жылга чейин эркинен ажыратылат. 

https://lh7-us.googleusercontent.com/RQwmv3vKZihBiJrgzIEofXw4WZTGrYvkZzZU912cK61HSi791MP-KZEEiGjKxoVNdYErswr-kA6NrY2GEA3WZVSpwGG38QbmV41GXQ7Y_rjjVkvYDzXj2vjmROhJJuCJDZ2Dg6MHpCXj16AwUfaHELs

Тилекке каршы, Кыргызстанда ымыркайын көчөгө таштаган же аны өлтүрүүгө аракет кылган окуялар буга чейин катталган. Мындай шартта аман калган баланы каалаган адам асырай алабы? Негизи өлкөдө бойго жеткен, бирок жашы алтымыштан ашпаган жарандар бала асырап алууга укуктуу. Ал эми үй-бүлө кура элек жаран бала асырап алгысы келсе, ал ымыркайдан 16 жашка улуу болушу керек

Кимдерден макулдук алуу керек?

Эгер, бала асырап алууну каалап жаткан болсоңуз сизге анын ата-энесинин же камкорчусунун макулдугу керек. Эгерде кароосуз калган, балдар үйлөрүндөгү балдарды асырап алуу үчүн бул мекемелердин жетекчилеринен жазуу жүзүндөгү макулдук аласыз. Бала он жашка чыгып калган болсо, анын да макулдугу керек болот. 

Унутпаныз, сиз асырап алган бала өзүнүн атасынын атын, фамилиясын сактоого укуктуу. Ал 10 жашка чыкканда гана баланын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөртүлөт. Мыйзам боюнча бир туугандар бири-биринен ажырабаш керек. Андай болгон учурда экөөнүн жолугушуп турушуна тоскоолдук кылганга болбойт. 

Кандай документтер керек?

Сизге паспорттун көчүрмөсү;

- нике жөнүндө күбөлүк; 

- жашаган жериңизден үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;

- үй-бүлөдө туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ;

- үй китебинин көчүрмөсү же турак-жайга менчик укугун ырастачу документ;

- соттуулугуңуз жоктугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты; 

- ден соолугуңуздун абалы жөнүндө медициналык корутунду;

- иштеген же жашаган жериңизден мүнөздөмө;

- арыз ээлеринин толук өмүр баяндары керек болот.

Айтмакчы, бала асырап алынганы тууралуу маалымат сыр сакталат. Сиздин суранычыңыз менен баланын туулган датасын өзгөртсө болот. Бирок бала бир жашка чыга элек болсо гана үч айдан ашык эмес убакытка өзгөртүлөт. Эгер, сиздин багып алган балаңызга жакшы мамиле жасабаганыңыз аныкталса же бала арызданса, мамлекет аны кайра кайтарып ала алат. 

Кимге кайрыласыз?

Бала багып алууну кааласаңыз ал жашаган жердеги аймактык бөлүмгө арыз бериңиз. Же ушундай кызмат көрсөткөн "Бала асырап алуу кызматтары" аттуу порталга арыз калтырсаңыз болот. 

https://lh7-us.googleusercontent.com/rkpbILuH5-Ut_ZdFsEqFo9fJtO6FP-F-IbUqHJFXiAse73iAs7Uv6mK-dRLaIaanPWknT0kRuHsjSkZwYUAVdtcB0-offK5oyGxOWpyJX_vlsdZ8GMiOm85YQmbj19hoWSiqKz-Jui2sq4OFwKc8wfA

Учурда камкордуксуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкында 399 бала катталган. Алардын 168и кыргыз.

 

Ким бала асырап ала албайт?

Сот аракетке жарамсыз деп тапкан, ата-энелик укугунан ажыратылган, кирешеси жашоо минимумуна жетпеген жарандар бала асырап ала алышпайт. Кылмышы үчүн соттолгон, туруктуу жашаган жери жок же жашаган турак-жайы санитардык талаптарга жооп бербегендерге да бул укук берилбейт.

Энеси төрөт үйгө таштап кеткен балдар апасы аны калтыруу жөнүндө арыз жазса же ички иштер органынын актысы түзүлгөн датадан тартып алты ай өткөндөн кийин асыроого берилет. Багып алууга дени сак балдардан сырткары майыптыгы бар, катуу оорулуу балдар да берилиши мүмкүн.

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей