БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик: Бишкекте көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу

Министрлик: Бишкекте көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин Арча-Бешик конушунда көчөгө ташталган ымыркайдын апасы делип 20 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди. Маалыматка караганда, ал тергөө кызматына жеткирилди.

 

Саламаттык сактоо министрлиги бала реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирди. Абалы туруктуу деп бааланууда. 

19-ноябрда болжол менен саат 22:45 чамасында Ленин райондук милициясына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин жанынан кагаза кутунун ичинен желим баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы боюнча маалымат түшкөн. Соцтармактарда милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткирген видео тарап жатат. 

8-ноябрда Бишкектин көчөлөрүнүн бирининен желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. 11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү" беренеси менен айып тагылган. Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон. 
 

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей