БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Балага сүйүнчү» жөлөк пулун санарип сом менен берүү пландалууда
Кыргызстанда "балага сүйүнчү" бир жолку төлөнчү жөлөк пулду санарип сом менен берүү каралууда. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Улуттук банк тиешелүү долборду иштеп чыккан, учурда техникалык адистер менен аны ишке ашыруу талкууланууда.
Санарип сом Кыргызстанда 2027-жылы жүргүртүүгө чыгары күтүлүүдө. Бул улуттук валютанын кошумча түрү, анын өзүнчө санарип коду болот, атайын санарип капчыкта сакталат. Санарип сом акчанын накталай жана накталай эмес түрлөрүн айкалыштырат.
"Балага сүйүнчү"- Кыргызстанда ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөнүүчү төлөм. Төлөмдүн суммасы 4 миң сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде бир үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлсө ар бир балага 50 миң сомдон берилет.
Автор: Осмонова Айдана > 762 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat