БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн кант диабети менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда бул илдет менен канча адам ооруйт?

Бүгүн кант диабети менен күрөшүү күнү. Кыргызстанда бул илдет менен канча адам ооруйт?

Сүрөт: "Вести"

Бүгүн, 14-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү белгиленип жатат. Бул илдет дүйнөдөгү эң кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат. 

 

Саламаттыкты сактоо министиринин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 75 миңге жакын адам расмий каттоодо турат. Бирок Бишкек шаарынын башкы эндокринологу каттоого алынбаган, бул оору менен ооруганын билбей жүргөндөр мындан беш эсе көп экенинин "Жамааттык медиа" радиосуна берген маегинде билдирди. 

Министрлик маалымдагандай, дүйнө жүзү боюнча 440 миллионго чукул киши диабет менен жашайт. Соңку расмий маалыматтарга караганда, ооруга туш болгондор 40 жыл мурдагыга салыштырганда төрт эсеге көбөйгөн. Дүйнөдө ар беш секунд сайын бул илдет менен ооругандардын саны бир адамга көбөйөт. Ар бир жетинчи секундда бир адам бул диагноз менен каза болот.

Кант диабети - уйку бези инсулинди жетиштүү деңгээлде чыгарбай калганда же организм өзү чыгарган инсулинди эффективдүү колдоно албагандан кийин пайда болгон өнөкөт оору. Илдеттин эки түрү бар. Биринчиси - уйку бездери инсулин иштеп чыкпай калат да глюкоза канда топтолуп кетет. Диабетке чалдыккан адамдардын болжолдуу 10%ы  ушул түрү менен ооруйт. Экинчиси - уйку бездери жетиштүү деңгээлде инсулин иштеп чыкпай калат же болбосо гормон натыйжалуу иштебей калат. Бул ооруга чалдыккандардын 90 пайызы кант диабетинин ушул түрү менен жабыркайт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей