БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде 22 миллион сомго мал базар курулду. Сүрөт

Баткенде 22 миллион сомго мал базар курулду. Сүрөт

Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 22 миллион сомго жаңы мал базар курулду. Ал декабрдын башында пайдаланууга берилерин "Т-Медиага" мэриядан билдиришти.

 

Базар жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Ага аянты 1,5 гектар жер ажыратып берилген. Мал базарда атайын административдик имарат, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлар, бастырмалар курулуп бүткөн. 

"Учурда иштеп жаткан эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашкандыктан көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынган эле", -деп маалымдашты мэриядан.

Мындан сырткары мэрия жаңы мал базар ишке кирген соң ал жерге кирген мал жандыктарыга  тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Базар буга чейин Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей