БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жеке ишкер менен Оштун аткаминерлеринен чуусун президенттик аппарат текшере баштады

Жеке ишкер менен Оштун аткаминерлеринен чуусун президенттик аппарат текшере баштады

Сүрөт: "Т-Медиа"

Оштогу жеке ишкер менен Ош шаарынын аткаминерлеринин ортосундагы чуулу ишти президенттик аппарат, прокуратура текшере баштады. Шаардык кеңеш бул маселени 14-ноябрдагы кезексиз жыйынына киргизип, бирок кайра алып салды. Муну алар эки тарап элдешип алганы менен түшүндүрүүдө. 

 

Оштогу "Классик" мейманканасынын ээси Жаныбек Ажиматовдун шаардын вице-мэри Замир Юсупов менен мэрдин кеңешчиси Абдишүкүр Жураевдин үстүнөн жазган арызын президенттик аппарат текшерип баштады. Бул тууралуу 14-ноябрда "Т-Медиага" мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул ишти Ош шаардык прокуратурасы да териштирип жатат. Мекеменин коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канат Насипов билдиргендей, көзөмөл органга арыз 11-ноябрда шаардык кеңештен түшкөн. 

"Т-Медиа" Ажиматовдун өзүнөн жооп ала алган жок. Ал эми вице-мэр Замир Юсупов бул окуяны жеке маселе деп атады. 

"Негизи "Классик мейманканасы менен  жекече маселе болчу. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", -деди Замир Юсупов.

Мэрдин кеңешчиси Абдишүкүр Жураев болсо 25 адамга сый тамакты өз каражатынан уюштурганын айтууда.  Ал арызга эмне себептен кошулуп калганын түшүнбөй жаткандыгын кошумчалады. 

"Шаар күнүнө карата мэрия "Классикте 300 адамга сый тамак уюштурду. Уюштуруучулар мага "ырчыларга сый тамак уюштуруп бересизби?" деп кайрылышты. Мен макулдугумду бердим.  Баардыгы өз каражатымдан болду. Менин айыбым сый тамак уюштуруп бергеним болду", -деди  Жураев. 

 

Шаардык кеңеш маселени караган жок

Жеке ишкер менен мэриянын кызматкерлеринин ортосундагы маселе Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан турган туруктуу комиссияда каралып, 14-ноябрдагы кезексиз жыйынга киргизилген. Бирок эки тарап келишип алган деген негиз менен бүгүнкү сессиянын күн тартибинен алынганын төрага Салман Назылбеков "Т-Медиага" билдирди. Айтымында, эки тарап жарашуу келишимин түзүп, аны расмий алып келишкен. 

"Ал киши (ред-"Классиктин" ээси) доо арызым жок дегенден кийин аны кароонун эч кандай зарылчылыгы жок. Депутаттар да президиум болгондо кароонун кереги жок дешти”-деди ал

Комиссиянын отурумуна катышкан шаардык кеңештин депутаты Эсенбек Арзиев окуяны жыйындан алып коюуну туура көрбөйт. Эл өкүлү ал жерде шаардын жетекчилери, мындан сырткары мэрдин аты аталып жаткандыктан талкуулаш керектигин белгилейт. 

"Мейманканы 4-октябрь күнү бардык тиешелүү кызматтар барып текшериптир. Бул жерде шаардын жетекчилери анан мэрдин дагы аты чыгып жатат. Мындан чыкты мэрдин тапшырмасы менен ушул жумуштар болгон. Мэрия тарабынан төлөм жүргүзүлгөндө жеке ишкер кайрылбайт эле", -деди ал. 

 

"Эки жак келишип алды деген эреже жок"

Юрист Төлөгөн Келдибаев бул окуяга укуктук баа берилиши керек деген пикирде. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик кызматта эки жак келишип алды деген эреже жок. Келдибаев окуяга  күч органдары баа берип, кылмыш аныкталгандан кийин гана шаардык кеңеш карашы керек эле дейт. 

"Жеке адамдар урушуп, анан өз ара келишип, чечишип алды десек башка маселе. Бирок булар жеке жактар эмес. Маселе муниципалдык кызматкер боюнча болуп жатат. Ага сөзсүз укуктук баа берилилип, тергөө жүрүшү керек. Ал эми шаардык кеңештин депутаттарында андай ыйгарым укуктары жок. Качан гана прокуратура тарабынан айыпталып, корутунду чыкса гана депутаттар вице-мэрдин кызматы боюнча маселе көтөрсо туура болот", -деди Келдибаев.  

Буга чейин "Азаттык" Оштогу "Классик" мейманканасынын ээси Жаныбек Ажиматов шаардын вице-мэри Замир Юсупов менен мэрдин кеңешчиси Абдишүкүр Жураевдин үстүнөн УКМКга жана шаардык кеңешке даттанганын маалымдаган. Өз арызында ишкер шаар күнүн белгилөөдө мэриянын кызматкерлери бекер дасторкон даярдап берүүнү талап кылганын, даярдабаган учурда тиешелүү кызматтар текшергенин жазган. 

Быйыл Ош шаарынын 3023 жылдыгына карата гала-концерт уюштурулуп, ага чет элден ырчылар чакырылган. Майрамдык кече 5-октябрь күнү Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда өткөн. Ага Италиядан IN GRID, АКШдан BAD BOYS BLUE, Орусиядан DJ BAKS жана Өзбекстандан Хамдам Собиров келген. Ал эми кыргыз ырчыларынан JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова катышкан. Мэрия майрамдык салтанатка бюджеттен 180 миң сом гана бөлүнгөнүн, чет элдик ырчылар демөөрчүлөрдүн эсебинен келгенин билдирген. Бирок демөөчүлөрдүн аты ачыкталган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей