БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштун мэри Жетигенов депутаттардын ага ишенбөөчүлүк көрсөткөнү боюнча коментарий берди

Оштун мэри Жетигенов депутаттардын ага ишенбөөчүлүк көрсөткөнү боюнча коментарий берди

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардык кеңештин депутаттарынын ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн жеке тараптардын кызыкчылыгы деп эсептейт. Ал "Т-Медиага" берген маегинде токтомдордун дээрлик баары аткарылганын айтат. 

 

"Токтомдун 95% аткарылган. Ал эм калган 5% мен бул кызматка келгенге чейин болгон токтомдор экен. Эгерде документтердин 95 пайызы аткарылбай калса да бир жөн эле. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы мага жолугуп, депуттар мага таарынып атканын айткан. "Эмнеге?" десем, "тамакка чакырбайт экенсиз, эсептешпейт экенсиз, айткан кишилерди кызматка койбойт экенсиз жана мыйзамсыз курулуштарды ачыка чыгарат экенсиз" дейт.  

Мындан сырткары Жетигенов мэрияны сындаган депутаттарга эч кандай куугунтук болбогонун айтты. 

Ош шаардык кеңешинин 14-ноябрдагы жыйынында токтомдордун аткарылбаганы боюнча маселе айтылып, калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго 42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөттү. Жыйынга катышкан вице-мэр Сонунбек Жунусбаев мэрия шаардык кеңештин токтомдорун 95% пайыз аткаргандыгын билдирди. Себептерин түшүндүрүү үчүн вице-мэр Замир Юсупов сөз сураганда берилген жок.  

Президент Садыр Жапаровдун 29-ноябрдагы буйругу менен Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте. Буга чейин калаа башчылыкка талапкер жергиликтүү кеңеш аркылуу өтчү. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей