БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: бүгүн Кыргызстан Оман менен беттешет

Футбол: бүгүн Кыргызстан Оман менен беттешет

Кыргызстан менен Малазиянын беттеши. 6-июнь

Бүгүн, 11-июнда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Оман беттешет. Оюн Маскат шаарында "Султан Кабус" атындагы спорт комплексинде саат 22:00дө башталат. 

Буга чейин Кыргызстан менен Малазиянын футболчулары беттешип, 1:1 эсебинде оюн жыйынтыкталган. 

Футболдук беттештер 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылы боло турган Азия кубогунун тандап алуу оюндары алкагында болууда. Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунда алган курамалар чыгат. Оман мөөнөтүнөн мурда чыккан. Ал эми бүгүнкү оюнда Кыргызстан утса же тең чыкса жолдомо алат. Эгер, утулуп калса, анда Малайзия менен Кытайдын Тайбэйинин ортосундагы оюндан көз каранды болмокчу.

Учурда 12 упай менен Оман биринчи, он упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда келатат. Малайзияда жети упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай ала элек.

2026-жылы Дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей