БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек мэриясы балатыны жасалгалоо үчүн 7,5 млн сом сарптады

Бишкек мэриясы балатыны жасалгалоо үчүн 7,5 млн сом сарптады

Бишкектеги башкы балаты. Сүрөт: t-media

Бишкек мэриясы борбордук Ала-Тоо аянтындагы башкы балатыны кооздоо үчүн 7,5 миллион сом коротконун билдирди. Бул суммага 32 метрлик светодиоддук жарыкчалар менен жасалган чатыры бар жаңы жылдык балаты жана борбордук аянт кооздолгон. 

Башкы балатыны мэриянын "Бишкексвет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары кооздогон. Балаты 2024-жылдын 13-январына чейин борбордук аянтта турары да айтылды. 

Мунун алдында шардык мэрия Жаңы жылга карата майрамдык салюттан баш тартканын да кабарлаган. Буга чейин 2021-2022-жылдары жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2022-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тарткан.

2021-жылды тосууда коранавирус инфекциясынан улам өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу максатында фейерверк атпоо чечими кабыл алынган. Ал эми былтыр майрамдык салютка 755 миң сом сарпталган. 

Эске салсак: 2022-жылы борбор калаадагы башкы балатыны жасалгалоо үчүн 5 млн сом сарпталып, 25 метр узундукта болгон. 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 347 статей