БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамкызматкерлер кассалык чек чогултууга милдеттендирилип жатабы?

Мамкызматкерлер кассалык чек чогултууга милдеттендирилип жатабы?

Сүрөт: t-media

Эми мамлекеттик кызматкерлер кассалык чек чогултуп аны отчёт катары тапшырышы керекпи? "Т-Медиа" редакциясына президенттик администрация мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин ККМ чек чогултууга милдеттендирген көрсөтмө чыгарганы тууралуу маалымат келип түштү. Биз анын чын-бышыгын текшерип көрдүк.

Бизге жеткен документте бардык министрликтер, административдик мекемелер жана алардын аймактык башкармалыктары, мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор, облустардагы президенттин өкүлчүлүтөрү, иш башкармалыктары, Бишкек, Ош мэриялары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери ай сайын ККМ чек чогултушу керектиги көрсөтүлүп турат.

 

Анда жетекчилер бир айда 15 миң, катардагы кызматкерлер 10 миң сомдук дүмүрчөктү салык кызматына тапшырышы керектиги жазылган. Документке президенттик администрациянын жетекчиси жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Биз мындай тапшырма министрликтерге келген-келбегенин өздөрүнөн тактап көрдүк. Айрым мекемелердин маалымат катчылары андан кабары жок экенин айтса, кээ бирлери буйрук менен таанышып чыкканын тастыктап беришти.

"10 миң сомдук чекти топтош керек экен. Милдеттүү бекен ошондо? Азырынча ошондой айтылып жатат. Дагы такталат дейт - деп жооп берди Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат катчысы Алмаз Абдраев".

Ал эми Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай деди:

"12-декабрда президенттин администрациясынан кат келген. Анда "ай сайын 15 миңден жана 10 миңден өйдө чектер чогулсун. Ал кайра салык кызматына тапшырылсын" деп турат. Тапшырма жаңы эле келди да. Ушул айда чогултуп жатабыз", - деди бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук бөлүмүнүн эсепчиси Рахат Жумабекова.

Документте айрым мекемелерден чек чогултуу милдеттүү эмес экени көрсөтүлгөн. Мисалы, Жогорку Сот, Конституциялык сот, Башкы прокуратура, Улуттук Банк, Эсеп палатасы, Борбордук шайлоо комиссиясы, Улуттук статистика комитети, Акыйкатчы институту, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына сунуштама жөнөтүлүп, макулдашуунун негизинде гана ушундай талап кирет.

"Бизге сунуш катары кат келди. Азыр аны менен таанышып жатабыз. Эч кандай чечим кабыл ала элекпиз" - дейт Акыйкатчы институту.

Бул чогултулган чектер ар бир айдын аягында аймактагы Салык кызматынын бөлүмдөрүнө тапшырылышы керек. Аны көзөмөлдөө мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдуваповго тапшырылган.

Салык кызматы эмне дейт?

Бирок Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков мындай көрсөтмөдөн кабары жок экенин айтты.

"Ар бир жаран, мамлекеттик кызматкер өзүнө керектүү бумдарды алып жатканда милдеттүү түрдө кассалык чек алынып турушу керек да. Бирок көрсөтмө берилген тууралуу маалыматыбыз жок". 

Документ боюнча отчетту мөөнөтүнөн кечиктирип тапшырган же тапшырманы сапаттуу аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги президенттик администрациясынын коллегиялык жыйынында каралат.

Биздин редакция бул жумуш кандай жол менен ишке ашырылышын тактоо үчүн президенттик администрацияга байланышууга аракет кылдык. Бирок маалымат ала алган жокпуз.

Жыйынтык: президенттик администрация мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин ККМ чек чогултууга милдеттендирген көрсөтмө чыгарганы чын. Маалыматты бир канча ведомостволор тастыкташты. Бирок президенттик аппарат бул тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Автор: Т-Медиа > 323 статей