БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек шаарынын быйылкы жылга бюджети бекитилди

Бишкек шаарынын быйылкы жылга бюджети бекитилди

Бишкек мэриясы

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын 2024-жылга консолидацияланган бюджетин бекитти. Ага ылайык, шаардын киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 32 миллиард 590 млн 500 миң сомду түзөт. 

Мэриянын маалыматына караганда, республикалык бюджеттен шаарга дээрлик 7 миллиард сом бөлүп. Бул каражат автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын жана ага кошулган айыл аймактарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондусунун чыгымдарын жабууга жумшалат.

Мындан тышкары шаарга кошулуп жаткан айыл аймактарын каржылоо үчүн мэрияга 868 миллион 100 миң сом бөлүнөт.

Эске салсак: президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 29-декабрындагы жарлыгынын негизинде административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө пилоттук мезгил аяктаганга чейин бюджетти бекитүү ыйгарым укуктары шаар мэрлерине берилген.

2023-жылы борбор калаанын бюджети 22 млрд 869,5 млн сом деп бекитилген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей