БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: ЖЭБди оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет

Бишкек: ЖЭБди оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 31-мартта Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ) кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болду.

"Жолугушууда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо өнөктүгүнүн алкагында ТВЕА адистерин жөнөтүү чечими кабыл алынды. Алар кыргызстандык адистерди мындан ары өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдап, окутат", - деп жазылган маалыматта.

ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин териштирүү башталган. Анын жыйынтыгында оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген.

Быйыл 2-февралда да таңкы саат 3төр чамасында ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркаган жана экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

Автор: Т-Медиа > 323 статей