БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камсыздандыруу полиси кимдерге керек? Түшүндүрмө

Камсыздандыруу полиси кимдерге керек? Түшүндүрмө

Иллюстративдик сүрөт

"Кыргыз жарандарына эскертүү! Камсыздандыруу полисин алгыла. Мыйзам күчүнө кирди".

Мындай билдирүүлөр вотсап группаларда жана мессенжерлерде тарап жатат. Анда эч жерде иштебегендер полисти 1840 сомго сатып алары айтылат. "Боюнда бар аялдар, пенсия жашындагылар жана алты жашка чейинки балдар албайт деп көрсөтүлгөн. Эгер, полис албай ооруканага түшүп калсаңыз, хирургияга 9170 сом, терапияга 8400 сом төлөп каласыз. Ал эми полиси барлар 840-1090 сомго чейин гана төлөйсүздөр" деп жазылган. 

Бул канчалык туура маалымат? Полис эмне үчүн керек? Аны кимдер алат? Биз Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу милдеттүү камсыздандыруу фондунун маалыматына таянып түшүндүрмө даярдадык.

Милдеттүү медициналык камсыздандырууну эч жерде иштебеген, иши жок жарандар, таксист, базарда иштеген соодагерлер, куруучу-тигүүчүлөр жана студенттер милдеттүү сатып алышы керек. Мындан сырткары Кыргызстандын аймагында убактылуу жашап же окуп жаткандар дагы милдеттендирилет. Бул боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу мыйзамында жазылган. Жаңы мыйзам өткөн жылдын апрель айында кабыл алынганын эске салып кетели.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жогоруда айтылган жарандарга бир жыл үчүн 1840 сом төлөйт. Ал эми чет элдик жарандар 11 миң 910 сом төлөм аткарат.

Камсыздандыруу полисин кимдер сатып албайт?

Мамлекеттик же жеке менчик ишканаларда иштегендер, окуучулар, ардагерлер, пенсионерлер, жөлөк пул алгандар, майыптыгы барлар, кош бойлуу аялдар жана аскер кызматкерлери камсыздандырылган жаран болуп эсептелет.

Сиз камсыздандыруу полисин бир жылга сатып алганыңыздан кийин ошол аралыкта ооруп калсаңыз, дарылануу бир топ арзан болуп, кээ бир кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда анализдин 12 түрүн акысыз тапшырат. Мындан сырткары поликлиниканын жолдомосу болсо, кошумча 42 лабораториялык анализди акысыз тапшырууга укуктуу. Дарыгерлерлерге кайрылуу менен дары-дармектерге 50 пайыздан 100 пайызга чейин арзандатуу алса болот.

Ал эми жөн гана дарылануу үчүн ооруканага жаткандар камсыздандыруу полиси менен болгону 840 сом гана төлөйт. Полиси жок болсо 8400 сом төлөм жасайт. Медициналык камсыздандыруу полиси бар жаран операция жасатуу үчүн 1090 сом гана төлөсө, полиси жоктор 9170 сом берүүгө милдеттүү. Полиси бар жарандардан наркоз же операция үчун  ашыкча сумма талап кылуу мыйзамга каршы келет. Мындай учурда 113 номерине байланышып, акча талап кылуу фактысы боюнча маалымат беришиңиз керек.

Медициналык камсыздандыруу полисин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып же андагы терминалдар аркылуу алса болот. Документ алган күндөн баштап беш күн аралыгында күчүнө кирет.  

Жаңы мыйзам күчүнө киргенден бери камсыздандыруу полисин бардык жарандар сатып алууга милдеттендирилген. Ага чейин каалоочулар гана алышчу. Мындан сырткары буга чейин чет өлкөлүк жарандар,  студенттер камсыздандыруу полисин эркин түрдө сатып алып келишкен. Мыйзамга ылайык алар да милдеттүү камсыздандыруу полисин алышы шарт. 

Жыйынтык: камсыздандыруу полисин жылына бир жолу таксисттер, базарда иштеген соодагерлер, куруучу-тигүүчүлөр, студенттер жана эч жерде иштебеген, иши жок жарандар милдеттүү түрдө сатып алышы керек.  Мындан сырткары Кыргызстандын аймагында убактылуу жашап же окуп жаткандар дагы сатып алууга тийиш. 
 

Автор: Т-Медиа > 323 статей