БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Казакстан: суу каптаган аймактарда 12 миңден ашуун киши эвакуацияланды

Казакстан: суу каптаган аймактарда 12 миңден ашуун киши эвакуацияланды

Сүрөт: Казакстан ӨКМ

Бул 31-мартка карата сандар экенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Маалыматка караганда, Актөбе, Костанай, Батыш Казакстан, Акмола, Атырау, Қараганды, Солтүштүк Казакстан, Түркистан, Алматы, Павлодар, Улытау, Абай облустарынан 12 миң 701 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 4728и жаш балдар. Ал эми убактылуу баш калкалоочу жайларда 6 миңден ашуун киши убактылуу баш калкалоочу жашап жатканы айтылды. Суу каптаган аймактарда 88 мектеп онлайн окууга өткөрүлгөн. 

Расмий маалымат боюнча сел 40 жолду, бир көпүрөнү жууп кеткен. Казак бийлиги өзгөчө кырдаал аймагындагы элге жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирген. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 7 миңден ашык адам иштеп, 2 миңден ашык техника мобилизацияланды. Республикалык штаб 30-мартта Касым-Жоомарт Токаевдин чукул жыйынынан кийин түзүлгөн. Бир катар аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Казакстанда 29-мартта жамгыр жаап, кар эрип, дарыялардагы суу көтөрүлүп, айыл-кыштактарын суу каптаган. Кеминде жети облус табияттын кырдаалына кабылган. Анын кесепетинен 1277 үйдү, дачадагы 99 үй, он имарат, унаа жолдорун, көпүрөлөрдү суу каптаган. 30 унаа жолу үзүлүп, элдин каттамы токтосо, 285 баш ар кандай мал-жандык өлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей